Слет тууралуу

2019-жылдын 17 июлунан 21 июлга чейин «Сорос-Кыргызстан» Фондусунун жана Кыргыз информатиктер ассоциациясынын колдооосу менен информатика мугалимдеринин II Республикалык слету өтөт.

Слеттүн жүрүшүндө мугалимдер информатика тармагындагы жаны трендтер жана «Информатика» предмети боюнча жаӊы стандарттын мазмуну менен таанышышат. Ошондой эле, программалоо боюнча практикалык көндүмдөргө жана жаӊы технологияларды окутуу процессинде колдонууну үйрөнүшөт.  Слет хакатон формасында өз ишин жүргүзөт. Тренерлер жана модераторлор кыргызстандык жана эл аралык эксперттер.

Эксперттер

Людмила Рождественская

IT-технологияларын жайылтуучу улуттук «Жолборс секириги» программасынын эксперти. Таллинн гимназиясында IT жаатындагы билим технологу болуп эмгектенет.

Тынчтык Жанадылов

Ысык-Кол обласынын Каракол шаарындагы ИТ-адистерди даярдоочу ИТ-академиянын жетекчиси. Google сертификациялаган мугалим.

Азис Абакиров

Программалык камсыздоо жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн Кыргыз Ассоциациясынын Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү

Эржигит Имамов

ISOC (Internet Society, ISOC) бирикмесинин Кыргызстандагы бөлүмүнүн техникалык директору, “Билим булагы” долбоорунун жетекчиси

Алмаз Исманов

журналист, медиа боюнча эксперт

Кыргызстан Информатиктер Ассоциациясы жөнүндө

Биздин максат – орто мектептерде Информатика предметин математика жана башка табигый илимдер менен бирге өзүнчө илим катары өнүктүрүү жана өздөрүнүн окуучуларына жогорку сапаттуу компьютердик билим берүүгө умтулган бардык мугалимдерге көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Азыркы санариптик дүйнөдө программалоо жана компьютерде иштөө көндүмдөрү бир эле ИТ-адистигин тандап алган балдар үчүн эле керек эмес. Ар бир мектептеги ар бир бала дүйнөлүк деңгээлдеги компьютердик билим алууга укугу бар. Андыктан биз информатик мугалимдерибизди окутуп, көмөк көрсөтүп, аларга дем берип, кызыктырып, камсыз кылып туруубуз зарыл. Кыргыз Информатиктер Ассоциасынын мүчөсү болуу менен, сиз Кыргызстандын информатика мугалимдери үчүн жүргүзүлүп жаткан эң акыркы жаңылыктар, талкуулар, иш чаралар боюнча ар дайым маалымат алып турууга мүмкүндүк аласыз. КИА боюнча толугураак маалыматты бул жерден ала аласыз.

Биз балдарды санариптик келечекке даярдайбыз!